реклама
super.kg logo

Ооганстанда 15 жаштагы кыз дүйнөдөгү таасирдүү 25 аялдын катарына кирди

 
Ооганстандык 15 жаштагы кыз дүйнөдөгү таасирдүү 25 аялдын катарына кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, The Financial Times гезити 15 жаштагы ооган кызын 2021-жылдын дүйнөдөгү эң таасирдүү 25 аялдын катарына кошкон. Аны аталган гезитке укук коргоочу жана "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай көрсөткөн.
"Сутуда Фурутан талибдердин аракеттерине нааразычылык билдирип, кыздардын мектепке баруусуна уруксат берүүнү талап кылды. Анын кайраттуулугу жана күчү Гераттагы талибдерге кыздардын мектепке кайтып келишине уруксат берген. Сутуда кыздардын билим алуу укугун коргоого батынган. Бүткүл дүйнө жүзү ушундай кыздардын үнүн угушу керек", - дейт Юсуфзай.
Ооганстанда талибдер бийликти басып алып, мектептер жабылгандан кийин Сутуда Фурутан өлкөдөгү аялдардын жана кыздардын укуктары үчүн активдүү активисттердин бири болуп калды. Анын айткандарынын видеосу Ооганстанда кеңири талкууга алынып, социалдык тармактарда көптөгөн колдоочуларын тапты.
Сентябрда шейиттер жумалыгында (Хафтай Шахид) жана Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнүн урматына Талибан өкүлдөрүнүн катышуусунда ал кыздар мектептеринин жабылышын сындаган.
Ооганстандагы жергилиутүү басылмалардын бирине берген маегинде Сутуда Ооганстандагы акыркы окуялар кыздардын билим алуу укуктарын коргоого аргасыз кылганын билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
08.12.2021. 00:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
330
Катталган:
19-07-2021
Соӊку аракети:
26-01-2022 13:48
Жынысы:
Белгисиз
-2
Молдолор башкарган жерде аялдардын баалулугу жок. Ошондуктан шарият деген балакетти жолотпогула. Болбосо далай кыздардын эркин тандоосу, жашоосу талкаланат. Аялдар молдолордун жеке менчигине айланып калышат.
ayzhan12 түзөттү 2021-12-08 00:30:41
08.12.2021. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
273
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
28-01-2022 18:54
Жынысы:
Белгисиз
-6
ayzhan12,аялга балалуукту башына урабы бейишке арекет кыл бул дүйнө өзү татал ошон үчүн Бактулуук динде жатат жакшы жүрсөң Иншаллах бейишке барасын ошол жакта бары бекер бул дүйнөдо ар кыл сыноолор арекеттер боло берет болуп келген жана боло берет
08.12.2021. 01:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
330
Катталган:
19-07-2021
Соӊку аракети:
26-01-2022 13:48
Жынысы:
Белгисиз
-5
Fernando_Torres,
Бейиш - адамдын оозунан чыккан жөө жомок. Калп эле элдин башын бейиш менен айлантып, аялдардын башын тумчулай бергенди токтотуш керек
08.12.2021. 06:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
273
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
28-01-2022 18:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12,көчуктуу жуу ишти кыл ука
08.12.2021. 07:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
243
Катталган:
16-04-2021
Соӊку аракети:
28-01-2022 18:32
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12,тенирчи окшойсун каапыр
08.12.2021. 10:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-12-2020
Соӊку аракети:
28-01-2022 18:14
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12, Аллахым ар бир адамга хидаят берсин оомин
08.12.2021. 01:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-09-2020
Соӊку аракети:
28-01-2022 18:23
Жынысы:
Белгисиз
+4
ayzhan12,Бул жерде Афган кызынын мектепке урусат сураганы тууралуу болуп жатат соз.КЫРГЫЗСТАНДА ЭМЕЕС!!так что не переживай.ишинди кыла бер. Сен ойлоно турган иш эмес бул жер.
08.12.2021. 05:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
610
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
28-01-2022 20:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Taalai-bek,ойлоно турган иш. Динди шылтоо кылып кыздарды окутпай кою туура эмес! Динге жамынып кыз, аялдардын укугун тебелеген учур Кыргызстанда дагы болот.
08.12.2021. 21:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
633
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
28-01-2022 16:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Sajakat14,Динде билим алууга каршылык жок.Хизбутчү,талибан дегендер менен биздин мусулмандарды салыштырбагыла!Татар,башкыр,казактар да мусулман.Бирок талибдердей эмес.Кыргыздар салттуу динди карманат.Так что,не переживай.
08.12.2021. 07:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
09-01-2019
Соӊку аракети:
28-01-2022 14:30
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы жашоого жол издесен - билим ал, бир гана билим дуйнону ондойт, жолунду ачат, козунду ачат! Канчалык билимдуу болсон ошончо коп нерсени тушунбогонунду билесин, так что учиться, учиться и учиться!
08.12.2021. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
28-01-2022 19:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Globalnews,как сказал дедушка Ленин)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
184679;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: