Кечээ, 7-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусуна болгон иш сапарында бир топ көйгөйлүү маселелер чечилди.
"Министр Нарын шаарынын, Нарын районунун жашоочулары менен жолугушуп, министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштеп тууралуу кеңири маалымат берип жашоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берип, жеринде бир топ көйгөйлүү маселелер чечилди.
Ошондой эле башкармалыктын эмгек жамааты менен жолугушуп башкармалыктын ишмердүүлүгү тууралуу пикир алмашуулар болду. Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жүргүзүп жаткан иштерине ыраазычылык билдирди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.