Байден Путинге аны көргөнүнө кубанычта экенин айтты

Онлайн саммиттин алкагында АКШнын президенти Жо Байден Владимир Путинге аны кайра көргөнүнө кубанычта экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар видеосун жарыялады.
Видеодон көрүнгөндөй, онлайн саммиттин башталышында АКШнын президенти Жо Байден Владимир Путинге жылмайып "сизди көргөнүмө кубанычтамын", - деп сөзүн баштады.
Айта кетсек, Путин менен Байдендин алгачкы жолугушуусу 16-июнда Женевада өткөн. Биргелешкен билдирүүдө лидерлер тараптар мазмундуу жана күчтүү боло турган стратегиялык туруктуулук боюнча эки тараптуу кеңири диалогду баштоого ниеттенип жатканын баса белгилешти.
Кошумчалай кетсек, Орусия менен АКШ киберкоопсуздук, туткундарды алмаштыруу жана курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча консультацияларды баштоого ниеттенүүдө деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан