Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жаңы кодекстердин күчүнө киргендигин эске салат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
2021-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасында жаңы кабыл алынган кодекстер күчүнө киргендигин эскертет. 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 укук бузуулар жөнүндө кодексинин 101-беренесинде Кыргыз Республикасынын аймагында жоопкерчилик каралган, ага ылайык,
- 1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана өзгөчө кооптуу психоактивдүү заттарды колдонууга чакыруу жана аларды жарнамалоо - жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ошол эле аракеттер: 1) билим берүү мекемелеринде, ошондой эле адамдар көп чогулган объекттерде жасалса;
2) жалпыга маалымдоо каражаттарын же электрондук маалымат ресурстарын пайдалануу менен жасалса, – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү: 1 эсептик көрсөткүч =100 сом. Бул ченем жаңы болуп эсептелет, эгер сиз мындай жарнама жасоого күбө болсоңуз, тиешелүү чараларды көрүү үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына кайрылыңыздар.