Ысык-Көл облустук прокуратурасы "мыйзамсыз аңчылык кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши тоо эчкилерди мыйзамсыз атуу фактысы боюнча козголгонун Башкы прокуратура билдирди. Окуя боюнча: 12-ноябрда “Сары-Мойнок” экологиялык постунан облустук аңчылык департаментинин кызматкерлери Тойота Раннер үлгүсүндөгү 2 автоунааны токтотушат (ичинде 7 адам болгон). Текшерүүдө унаалардын ичинен эч кандай уруксат кагазы жок атылган 7 баш тоо эчки чыккан. Мунун кесепетинен мамлекетке 385 000 сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.