Нарында 2 жарым саат аралыгында бир эле көчөдө эки өрт кырсыгы катталды

Нарында 2 жарым саат аралыгында кошуна үйлөрдүн короолорунан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, өрт 7-декабрда Кочкор районунун Эпкин айылынын Сүйүндүк көчөсүндө катталды.
Белгилүү болгондой, алгач саат 17:09да Эпкин айылындагы үйдүн ачык аянтында жыйылган чөп күйүп жатканы кабарланган. Өрт саат 18:30да чектөөгө алынып, 23:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 600 түк саман күйдү.
Ал эми саат 19:43тө ушул эле Эпкин айылынын Сүйүндүк көчөсүндө дагы бир өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Анда бастырмада жыйылган самандан өрт чыгып, 2 тонна саман күйүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр саат 22:00дө өрттү толугу менен өчүрүштү.
Учурда өрт кырсыктарынын келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан