Коңшу Казакстанда 1-сентябрдан 30-октябрга чейин эл каттоо жүрүп, анын биринчи жыйынтыктары жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, эл каттоонун жыйынтыгы боюнча, казакстандыктардын жалпы саны 19 миллион 169 миң 550 адамды түзгөн. Анын ичинен эркектер – 48,71 пайыз, аялдар – 51,29 пайыз. Казакстандын калкынын орточо жашы 31,94 жашты түзөт.
Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн эмгекке жарамдуу жарандарынын саны 11 миллион 320 миң 410 адамды же Казакстандын калкынын 59,05 пайызын түзөт.
2020-жылы Казакстандын калкынын саны 18 миллион 750 миң адамды түзгөн.