Бразилия Facebook, Instagram жана WhatsApp'тын иши үзгүлтүккө учураганы үчүн Meta компаниясына айып салды

Бразилияда октябрь айында болгон WhatsApp, Instagram жана Facebook социалдык тармактарынын иши үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу америкалык Meta компаниясына айып пул салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Бразилиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо органы тиркемелердин ишинин үзгүлтүккө учурашын "начар кызмат көрсөтүү" деп сыпаттап, дээрлик 2 миллион доллар талап кылган.

Белгилей кетсек, октябрь айында бүткүл дүйнөдөгү интернет колдонуучулар Instagram'дын дээрлик иштебей калганын, WhatsApp'та билдирүү жөнөтүү кыйынчылык менен жүрүп жатканын, ал эми Фейсбукта веб-сайттын ишинде көйгөй жаралганын айтып, даттанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан