Улуттук банк кечээ, 7-декабрда 71 миллион 300 миң АКШ долларын сатты. Мындай маалымат Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.
Бул 2021-жылдын башынан бери доллар сатуунун эң чоң көлөмү. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталган. Анда Улуттук банк 70 миллион 300 миң доллар саткан болчу. Муну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти.
Акыркы жолу 26-ноябрда Улуттук банк валюта рыногуна чыгып, 44 миллион 650 миң долларды саткан. Жыл башынан бери регулятор сомдун курсун тегиздөө үчүн 633 миллион доллар короткон.