Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кайрылуу жасады.
"Бүгүнкү күндө саясий кырдаал боюнча кайрылуу жасап жатам. Мамлекетибиздин президенти Садыр Нуркожоевичке кайрылам. Шайлоо алдында Кыргыз мамлекети дүйнөдө болуп көрбөгөндөй шайлоо өткөрүшү керек деп жарыялагансыз. Бирок ушул аруу тилекти айрым бир мандаттуу округдагы талапкерлер актаган жок, тескерисинче каршы иштешти. Бүгүнкү күндө видеотасмалар менен далилдер бар. Нурбек Алимбековдун жээни акча таратып жатканы боюнча сүрөтү бар. Сотко өткөрүп жатканда Ош шаардык прокурорунун орун басары Куттукбек Токтосунов жарым сааттын ичинде ишти кыскарткыла деп буйрук берип жатат. Башкы прокурор Курманкул Зулушевге мыйзамды көзөмөлдөп турган патриот элдин уулу катары Ош шаардык прокурордун орун басарына баа берүүсүн суранам. Мени 17 миң адам келип шайлады. Ыйык трибунадан айтам. Бир сом берген жокмун. Элибиз өзү келип шайлады. Эмне үчүн сотко өткөрбөй жатасыңар? Биз Ак Үйдүн алдына чыкпай мыйзам түрүндө кетип жатабыз.
Камчыбек Кыдыршаевич, кылмышкерлерди камап жетишпей жатасыз. Кышындабы же жазындабы толкундоолор болсо, президенттин жанындагылар күнөөлүү болот. Менин округумдан Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров койгондо Ак Үйдүн алдына чыгып, өткөрүп бермекмин. Бирок менин катарымда 10 жыл мамлекетти талап-тоногондор чыкты. Мына бүгүн прокурорлор колдоп жаткан талапкердин декларацияда бир нече мүлкү көрсөтүлгөн эмес", - дейт ал.