Бишкекте темир тосмолорду, люктарды уурдоого шектүүлөр аныкталды

Бишкекте милиция кызматкерлери темир тосмолорду жана люктарды уурдаганга шектүү жарандарды аныктады. Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан белгилешкендей, уурулук фактысы 28-ноябрда түнкү саат 03:30да катталган.

Анда Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар 10 даана темир тосмо жана люктарды алып, белгисиз тарапка кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 205-берене менен катталып, өндүрүш иши башталган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Д.С., 1990-жылы туулган Ч.А. жана 1991-жылы туулган М.Р. кармалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан