Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чечим кабыл алды. Ага ылайык, Башкы прокуратуранын келтирген өтүнүчүн комиссия канааттандырган жок. Бул туурасында комиссиянын мүчөсү Эмил Токтошев тарабынан белгилүү болду.
"Башкы прокуратуранын аты аталган депутаттарга кылмыш ишин козгоо катына Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия макулдугун берген жок", - деди ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровго "коррупция", Бакытбек Жетигеновго "бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелери боюнча сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган. 2021-жылдын 1-декабрына чейин иштеген Жогорку Кеңештин аталган депутаттарын жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн башкы прокурор 24 жана 29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларды киргизген.