Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчылар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу бирдей пикирин билдирип, экономикалык, логистикалык, транспорттук, вегетациялык, суу-энергетикалык жана башка чөйрөлөрдөгү долбоорлорду илгерилетүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоону макулдашышкан.
"Жолугушуунун катышуучулары айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасады, буга катар казак тарап кант өндүрүү менен алектенген кыргыз ишкерлери менен тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын билдирди, ошондой эле кант кызылчасын жана кант сырьёсун өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Ошондой эле казак тарап миң тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берери белгиленди.
Акылбек Жапаров республиканын 12 миң тонна буудайга болгон муктаждыгы бар экенин айтып, казак тараптан көрсөтүлгөн көлөмдү сатып алууга даяр экенин билдирди", - деп жазылган маалыматта.
Тараптар ошондой эле калкты коммуналдык жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашкан.
"Акылбек Жапаров белгилегендей, жакын арада Бишкек шаарында Кыргыз өлкөсүнүн президентинин тапшырмасы боюнча 2 миң даана автобус ишке киргизилет, ошол эле учурда бул транспортту жеткирүүчүнү аныктоо маселеси чечилүүдө.
Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри аталган долбоорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди жана Казакстан Республикасында өндүрүлгөн электр автобустары үнөмдүү, коопсуз жана узак мөөнөткө пайдаланыларын кошумчалады.
Ошондой эле ал казакстандык ишкерлер Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына кеңири чөйрөдө инвестиция салууга даяр экенин билдирди.
Тараптар Кыргыз өлкөсүнүн аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планын (жол картасы), ошондой эле 2022-жылдын февраль айында ишке киргизүү пландалып жаткан "Ак-Тилек" жана "Карасу" автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү маселесин талкуулады.
Аталган долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, келечекте аны 2 миллиард АКШ долларына дейре жогорулатуу сунушталууда", - деп жазылган маалыматта.