Баткен облусун өнүктүрүү үчүн инвесторлор изделүүдө

Баткен облусунун өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруунун алкагында Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык каржы институттары менен биргеликте Баткен облусуна инвестиция тартуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бүткүл дүйнөлүк банк менен 2022-2027-жылдар аралыгындагы “Баткен облусунун региондук экономикалык өнүгүүсү” долбоору талкууланууда.

Дүйнөлүк банктын бул долбоору 6 жылдык мөөнөт менен 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө алдын ала суммада каралган. Долбоор төмөнкүдөй иш-чаралардын 6 компонентин камтыйт:

- аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу;

- муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо;

- агро азык-түлүк кластерлерин чыңдоо;

- чакан жана орто бизнести колдоо боюнча чакан гранттар программасы;

- мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү;

- долбоорду ишке ашырууну колдоо, мониторинг жана баалоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан