"Унаасы менен артка кайрылып жабырлануучунун башын тебелеп кеткен". Аламүдүндө жөө адамдын өлүмүнө шектелген айдоочу кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жөө адамды сүзгөнгө шектүү кармалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 6-декабрда катталган.

Ошол күнү саат 23:29 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Жыгач айылында жөө адамды унаа сүзүп кеткени кабарланган.

"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү учурунда 1971-жылы туулган К.М. мас абалда Тойота Клюгер унаасы менен Кара-Жыгач айылындагы көчөлөрдүн биринен 1965-жылы туулган Л.В. аттуу адамды сүзгөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө айдоочу жөө адамды сүзүп алгандан кийин унаасы менен артка кайрылып, жерде жаткан жабырлануучунун баш тарабын тебелеп өткөн. Анын кесепетинен жабырлануучу жеринен жан бергени белгилүү болду", - дешти маалымат кызматынан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 122-берене ("киши өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы окуяга шектелип 1971-жылы туулган К.М. кармалды. "Текшерүү учурунда айдоочунун ичимдик ичкени аныкталып, унаасы айып короого токтотулуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп кошумчалашты мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан