Кыргыз жергесинде ар кандай кылмыштарды жана укук бузууларды жасагандыгы үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн 9 адам Орусиянын аймагында колго тушүрүлдү. Алар акыркы бир ай ичинде Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жигердүү жардамы менен Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалды.
ИИМдин маалымат кызматынан кармалгандар ким жана кайсы аймактын тургуну экенин маалымдайт. Ага ылайык:
1. Ноокен РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган Ж.Н. аттуу аялдын жүргөн жери аныкталды. Ал 2015-жылы 166-берененин 2-бөлүгүндө ("ири өлчөмдө алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн козголгон кылмыш иши боюнча 2018-жылдын январь айынан бери издөөдө жүргөн.
2. Издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 1972-жылы туулган Ш.М`нын жүргөн жери аныкталып, камакка алуу иштери жүргүзүлдү. Ал 2014-жылы эски кодекс боюнча 166-берененин 2-бөлүгүндө ("ири өлчөмдө алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Ага карата 2021-жылдын февраль айында мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
3. Жалал-Абадда 1982-жылы туулган Г.А. аттуу аялга былтыр мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүндө ("ири өлчөмдө алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.
4. 2019-жылдын сентябрь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун 1988-жылы туулган К.А. аттуу тургуну кармалды. Ал 2018-жылы Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда ("ири өлчөмдө алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча Ош ШИИБи тарабынан издөөдө жүргөн. Ага карата камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалган. Кармалган жаран Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилип, учурда экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.
5. 2020-жылы мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Нарын облусунун тургуну 1983-жылы туулган С.Б. Москва шаарында кармалды. Ал 2014-жылы Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 210-беренесинин 1-бөлүгү ("бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.
6. Жалал-Абад облусунун 1965-жылы туулган Д.А. аттуу тургунуна 2019-жылы мамлекеттер аралык издөө жарыяланып, кармалган жана камакка алынган. Ал Сузак РИИБи тарабынан 2018-жылы Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 164-беренесинин 2-бөлүгүндө ("ири өлчөмдө уурулук") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
7. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Баткен облусунун тургуну 1966-жылы туулган М.И. кармалган. Ал 2016-жылы Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 3-бөлүгү ("ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн.
8. Чүй районунун тургуну 1982-жылы туулган Ж.У`нун жүргөн жери аныкталган. 2021-жылдын июнь айында Токмок ШИИБи тарабынан Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси ("майда бейбаштык") боюнча издөөгө алынган.
9. 2021-жылдын июнь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн 31 жаштагы К.Х. аттуу жараны кармалды. Ал 2020-жылдын январь айынан бери Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда ("куралды же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен тоноо") көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Өзгөн РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.
"Жогоруда айтылган фактылар боюнча бардык кармалган адамдарды өз мекенинде жасаган иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте издөөдө жүргөн, жашынып жүргөн адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.