Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жанара Мусаева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Жанара Мусаева кызматтык тартипти одоно бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

"2021-жылдын ноябрь айынын аягында социалдык тармактарда милициянын имиджине терс таасирин тийгизген маалыматтын жарыяланганына байланыштуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору Жанара Мусаевага карата кызматтык иликтөө жүргүзүлдү", - деп билдиришти ИИМден.

Кошумчалай кетсек, Ички иштер министрлиги Жанара Мусаеванын бир тууганы 2016-жылы декабрда Кочкор райондук соту тарабынан 3 жылга эркинен ажыратылган. Сот адам өлтүрүү фактысы жабырлануучунун зомбулук көрсөтүшүнөн, катуу кордошунан же укукка жат башка аракеттеринен улам келип чыккан ачууга алдыруунун таасиринен жасалгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренесине ылайык, анча оор эмес кылмыштарга кирет деп аныктаган.

Ошол эле учурда ИИМ бул Жанара Мусаеванын милициядагы кызматына эч кандай таасир тийгизбегенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2021-12-08 18:50:49
Ленин ровднын начальниги Бактыбек Нарчаев ди да иштен алыш керек себеби наркотик саткан кесиптештерин жаап жашырып мени камаганга чоң салымдарын кошушкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан