Пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
2021-жылдын 6-декабрында Сузак районунун тургуну, Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга жөлөк пул алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат делген арыз менен УКМКга кайрылган.
"Буга байланыштуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча башкармалыгында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында арыздын материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө ("опузалап пара алуу") каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган", - деп билдиришти УКМКдан.
2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С кармалды.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.