"Жаш балдарды уурдап, ички органдарын алып жатат". Ошто жалган маалымат таратканга шектелип 60 жаштагы аял кармалды

Акыркы кезде белгисиз жарандар тарабынан аудио үн менен коштолгон чындыкка дал келбеген маалыматтарды, тагыраагы “Кара-Сууда жаш балдарды уурдап, ички органдарын алып коюп жатышат” деген мазмундагы маалыматтар WhatsАpp мессенжери аркылуу тарап жаткан.

Аталган маалымат боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Кара-Суу РИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, аудио үн аркылуу чындыкка дал келбеген, такталбаган маалыматты тараткан жарандын аты-жөнү аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан ички иштер бөлүмүнө алып келинген.

"Ал Кара-Суу шаарынын 60 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

Жогорудагы жагдайларга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандардан жалган, такталбаган маалыматтарды таркатуудан карманып, этият болуусун суранат.

Ошондой эле мындай жалган маалымат тараткан адамдарды билген же көргөндөр болсо тезинен укук коргоо органдарына кабар берүүгө жана алардын аракеттерине бөгөт коюуга көмөктөшүүгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2021-12-09 05:01:36
Жакшы табылыптыр, шумдук суйлогон озу дагы, эмнеге коркпойсунар жалган такталбаган маалыматты таркатуудан, алыстагы ата энелерге кыйын экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан