Бишкекте хоккей боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте хоккей боюнча "Мэрдин Кубогу" эл аралык турнири 10-декабрдан 20-декабрга чейин өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Латвия, Орусия, Өзбекстан, Казакстандын командалары, борбордун “Алга”, “Локомотив” клубу жана Нарындын “Нарын шумкарлары” командалары катышат.
"Балдар жана кыздар үч жаш категориясы боюнча ат салышат: 2008-жылы туулгандар жана андан кичүүлөр, 2010-жылкы жана андан кичүүлөр, 2012-жылы туулгандар жана андан кичүүлөр.
Турнирдин максаты - өлкөдө хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын достук, спорттук мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу.
Мелдештер 11-декабрда саат 12:00дө Виноградная көчөсү №1/3 дарегиндеги шаардык муз тебүүчү аянтчасында башталат", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан