Казакстандын Токтогул суу сактагычынан сугат суу алганы боюнча Энергетика министрлиги маалымат таратты

Коңшу Казакстан Токтогул суу сактагычынан сугат маалында суу алган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин жолугушуусу учурунда айтылганы, коңшу тарап ыраазычылык билдиргени коңшу өлкөнүн өкмөт башчысынын расмий сайтында жазылат.

Министрлер кабинети Акылбек Жапаров менен Аскар Маминдин жолугушуусу тууралуу билдирүү таратты. Бирок анда Токтогул суу сактагычынан сууну кошумча агызуу боюнча сүйлөшүү айтылган эмес.

Токтогул суу сактагычынан кошумча көлөмдөгү суунун агып чыгышы тууралуу маалымат боюнча Энергетика министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

"Кыргыз Республикасынын калкын жана экономикасын электр энергиясынын зарыл болгон көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын энергетика министрликтери тарабынан электр энергиясын өз ара жеткирүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Ага ылайык, казак тарап 2021-жылдын жаз-күз мезгилинде Кыргыз Республикасына 900,0 млн кВт/саат электр энергиясын баштапкы берүүнү ишке ашырууда. Келишимдин негизинде 2021-жылдын мартынан май айына чейинки мезгилде Казакстан Республикасынан 420,0 млн кВт/саат электр энергиясы алынган, бул көрсөтүлгөн мөөнөттө Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өз кезегинде кыргыз тарап Казакстан Республикасына 2021-жылдын июнь-август айларында буга чейин алынган 300,0 млн кВт/саат электр энергиясын кайтарып берди. Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына кайтарылган электр энергиясы Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде өндүрүлөт, ал эми керектелген суунун көлөмү көрсөтүлгөн электр энергиясын иштеп чыгууга жумшалат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
modem4999
2021-12-08 22:19:57
Эми силерге ким ишенет
+4
rahat73.
2021-12-08 22:27:16
Түшүндүңбү ушулар айтканына
+3
Antiradikal10
2021-12-08 23:11:57
Суу сатылбаганда мындан да коп электр энергиясын ондурмоксунор, акмактар... Бугункудой катастрофалык кырдаал тузулбойт эле Токтогул суу сактагычында...

Ошончо акча уурдап да тойбодунарбы, жегичтер?!

Дагы коррупция менен курошуп жатышкан имиш, оздору коррупциянын эн башында туруп алып...
+4
Baktiyar731
2021-12-09 08:51:50
Antiradikal10,Сууну мен кен келип жутуп койдум деп догурунганын айтсаң.
+3
shankol88
2021-12-08 23:43:44
Өздөрү каалагандай калчап элди кыйнайтурган болду...
+4
Bishkek-Kg
2021-12-09 01:27:51
Только актануу. Эки доста жарабады, башында толук болбосода бираз ишенген элем.
+7
Toxa76
2021-12-09 09:16:44
Коррупциянын башында оздору 100 миллион берди бошотуп койдук.мынча токту бошотуп койдук деп ачык эле айтып жатышат го.бир адамды соттоп мулкун мамлекетке кайтарган жок.Райим мынча берди Бабанов мынча берди.Бер дагы ишти кыла бер болуп калды.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан