Бүгүн, 9-декабрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын акыркы турдук оюндары болуп өтүп, анда 1/8 финалга чыккан 15 команда белгилүү болду.
1/8 финалга 16 команда чыгат. 9-декабрга караган түнү Бергамодо өтүшү керек болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 6-турунун алкагындагы “Аталанта” – “Вильярреал” беттеши калың кардан улам 10-декабрга жылдырылды. Бул жолугушуунун жыйынтыгы менен Чемпиондор Лигасынын 2021/2022 сезонунун 1/8 финалынын акыркы катышуучусу аныкталат.
1/8 финалга чыккан 15 команданын тизмеси: "Манчестер Сити", "ПСЖ", "Ливерпуль", "Атлетико", "Аякс", "Спортинг", "Реал Мадрид", "Интер", "Бавария", "Бенфика", "Манчестер Юнайтед", "Лилль", "Зальцбург", "Ювентус" жана "Челси".
Белгилей кетсек, Чемпиондор Лигасынын учурдагы чемпиону лондондук "Челси" клубу".