"Валентина чабан". Валентина Шевченко Ысык-Көлдө кой айдап жүргөн видеосун жарыялады

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко учурда Ысык-Көл облусунда эс алып, ошол эле учурда машыгуу өткөрүп жүрөт.

Мушкер айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Ысык-Көлдө кой айдап бара жаткандагы сүрөт, видеолору менен бөлүштү.

"Валентина чабан. Ысык-Көл көлү, Кыргыз өлкөсү. Декабрь 2021-жыл", - деп жазды видеонун астына Шевченко.

26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 266" турниринде Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфи менен кез келип, атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.

Валентина Шевченконун Ысык-Көлдө кой айдап жүргөндөгү видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alinsan
2021-12-09 09:32:38
Машина дизель экен а
-2
Kushu_0703
2021-12-09 12:52:32
Калып кетти койлор бери жакта
+1
Ak_Bulut
2021-12-09 18:23:06
Кош!! Деп атат болду бекен ))
0
azamat7386
2021-12-10 22:43:45
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан