Дүйнөнүн легендарлуу футболчусу, 81 жаштагы бразилиялык Пеле кайрадан ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-декабрда Пеле жоон ичеги шишигин дарылоону улантуу үчүн Сан-Паулудагы Альберт Эйнштейн ооруканасына жаткырылган. Пеленин абалы туруктуу жана жакын арада ооруканадан чыгышы мүмкүн.
Пеле сентябрь айында дагы ден соолугу начарлап кеткендиктен ооруканага жаткырылган.
Пеле Бразилиянын курамында 3 жолу Дүйнө чемпиондугун утуп алган. Ал эл аралык футбол федерациясынын чечими менен кылымдын мыкты оюнчусу аталган.