Бүгүн, 9-декабрда Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына жер тилкелери боюнча документтерди калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү тапшырды.
Техникалык паспортторду 10 тургун алды. Алардын бири бул күндү 14 жыл күткөндүгүн айтып өттү.
"Бул күндү 14 жыл күттүк. Биздин конушта бүгүн майрам болуп турат. Чындыгында жүзүбүздө жылмаюу, жүрөгүбүздө кубаныч болууда. Президентибиз Садыр Жапаровго, калаа башчысына ыраазычылык", - деди конуштун тургуну.
Эске салсак, буга чейин, 18-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын имаратынын алдына чогулган Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жолуккан.
Анда тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү айтышып, президенттен чечип берүүнү суранышкан.
Маалымат үчүн:
Техникалык паспорт укуктун документи эмес - бул үйдүн техникалык мүнөздөмөлөрү гана көрсөтүлгөн документ. Техникалык паспортко объекттин экспликациясы жана планы тиркелет.