Ырчы, тамада Ирлан Таалайбековго операция жасалды. Хирургиялык кийлигишүү 8-декабрда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда болду. Операцияны профессор Сабырбек Жумабеков жасады.
"Бел омурткамда грыжа бар болчу. 3 жыл мурда белимди оорутуп алгам, андан кийин турникке тартынып жүрө бергем. Жакындарым операция жасатпай эле массажга бар дешкенинен эки ой болуп жүргөм. Бул жолу 4-5 күн жатып калдым. Анан Сабырбек Жумабековго барсам, грыжа чоңоюп кетиптир. Профессор өзү операция жасады, 2 саатка созулду. Эми эки ай режим сакташым керек экен", - дейт ал.
Ирлан Таалайбеков "Окуучу кыз" аттуу ыры менен таанылган. Акыркы учурда сахнадан алыстап, тамадалык менен алектенип келет.