Депутат Орозова мугалимдердин жашоосунун шартын жакшыртуу керектигин айтты

Депутат Карамат Орозова мугалимдердин жашоосунун шартын жакшыртуу керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мугалимдин эмгегин баалабасак, биздин билим берүүнүн сапаты эч качан көтөрүлбөйт. Жолугушууларга барганда мугалимдер бизге кайрылышат. Мамлекеттик кызматта иштегендер ноутбук менен камсыздалат. Эмнеге мугалимдер ноутбуктар менен камсыздалбайт? Кызматтык үйлөр салынбайт. Аларга кызматтык үйлөр салынышы керек. Мектептеги кабинеттер ата-энелер демөөрчү болуп оңдоп-түзөлөт. Алардын жашоосуна шарт түзүп беришибиз керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
himik
2021-12-09 11:28:16
Эн туура! Мугалимдердин статусун сөз менен эмес, иш жүзүндө көтөрүү зарыл. Мугалимдер, айрыкча айылдагы мугалимдер силер ушунчалык жөнөкөй, ишенчээк калк болгондугуңардан силерге жакшы көңүл бөлүнбөй келүүдө деп ойлоймун. Өз укугуңарды коргоо үчүн мыйзам чегинде күрөшкөндү үйрөнгүлө.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан