Айбек Жунушалиев: "Көйгөйдү кагазга жазып эле таштап койсо, кайсы иш бүтөт?"

Бүгүн, 9-декабрда Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына техникалык паспортторду калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү тапшырды. Анда калаа башчысы аткарылып жаткан иштер боюнча конуш тургундарына маалымат берди.

"2021-жылдан баштап мүрзө жабылсын деген чечим чыгыптыр. Бирок өзүңөр көрүп турдуңар жабылган жок. Биргелешип анан жаптык. Демек, болот экен да. Кагазга жазып эле тигил жакка таштап койсо, кайсы иш бүтөт? Өзүбүз аралашпасак, киришпесек? Ошон үчүн кагаздагы иштерди аткаруу керек. Эл менен бирге болуу зарыл.

Фейсбуктан көрбөй жатабыз деп айтышат. Фейсбукта отургандарга таң калам. Бирдемелерди жазганга каяктан убакыт табышат?

Анан дагы мэр президенттин эле тапшырмасы менен иштейт экен деп ММКлар жазып жатышат. Эми президент Кыргыз Республикасынын президенти, биз шайлаганбыз. Бүгүнкү күндө саясий тутум өзгөрүлүп жатат. Коюлган тапшырмалар так, ыкчам аткарылууда. Баары эл үчүн, мамлекеттин өнүгүшү үчүн. Өзүбүздүн демилгелер, токтомдор менен кирип жатабыз.

Мурда көйгөйлөрдү кат жазып эле берип коюшчу. Чечилсе чечилип, болбосо калчу. Биз түбү менен иш-аракетти өзгөртүп жатабыз. Буга мисал катары айтып коёюн, жер тилкелери боюнча техникалык паспорт көйгөйү бир жуманын ичинде чечилди", - деди Жунушалиев.

Эске салсак, буга чейин, 18-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын имаратынын алдына чогулган Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жолуккан. Анда тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү айтышып, президенттен чечип берүүнү суранышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан