
Баткен облусунун Исфана шаарында дүкөндөгү күрмөнүн уурдалышына 32 жаштагы келин шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүүнүн мындан башка дагы уурулук фактысына катыштыгы бар.
"Исфана шаарында "Мадина" дүкөнүндө сатыкта турган (баасы 3 миң сом) күрмөнү белгисиз бирөө уурдап кеткендигин айтып дүкөн ээси арыз менен милицияга кайрылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине уурулук беренеси менен катталып, өндүрүшкө алынган. Териштирүүнүн жүрүшүндө 32 жаштагы Э.З. аттуу аял кармалды. Анын жанынан дүкөндөн жоголгон күрмө табылган. Ошондой эле шектүү мындан башка дагы 2 дүкөндөн күндөлүк турмушта керектелүүчү буюмдарды уурдап жүргөндүгү белгилүү болду.
Азыркы учурда уурдалган буюмдар өз ээлерине тапшырылып, тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.