Садыр Жапаров Италияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын биринчи жарымында Италия өлкөсүнө иш сапары менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-декабрь күнү Ташкент шаарында "Борбордук Азия + Италия Республикасы" министрлеринин жолугушуусуна катышуунун алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуусу болуп өттү.

"Тараптар министр Казакбаевдин Рим шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында кыргыз-италиялык инвестициялык фондду түзүү жана Италиянын Бишкекте элчилигин ачуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту жана 2022-жылдын биринчи жарымында президент Садыр Жапаровдун Италияга иш сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kolyaa
2021-12-09 16:16:00
Кайда барганы кызык эмес бизге.

Эмне себептен барганы кызык ошону айтсаңар. Башка өлкөгө барсаңар эле карыз алып келмей адатыңар бар эле. Дагы ошондой болуп чыкпасын.
-1
Agayu
2021-12-09 17:09:40
Президенттер эмнеге публикациядан алыстап жок болуп кетет ? Бул нерсенин себеби эмне? Ушул суроо мага коп кызык болгон .Коп нерселерди коруп , угуп , окуп бир нерсеге токтолгондой болдум.Булар просто пешка сыяктуу экен .Булардын да устунон давить кылган дуйнолук уюмдар бар окшойт .Кыскасы бизди президент эмес, дуйнолук комиттеттер башкарат.Келечегибизди ошолор тузуп берет .Чын Путин деле зависимый.просто шоу гана кылып коет .Байден деле башкарбайт .Вот поетому зависимость ото эле коп .
-1
TIMON_BERKOWITZ
2021-12-09 18:47:18
Agayu, РЕН ТВны очур)))
А если серьезно, жарым жартылай кошулам. "СЛУГА НАРОДА" деген Зеленскийдин киносун корсон, дүйнөлүк банктын өкүлү менен сүйлөшкөн эпизодун, баары түшүнүктүү болот. Бирок Бакиевке окшоп ХИПИКке тыгып жибергенге даяр президенттер бар, же Путинге окшоп ФАК Ю көрсөткөндөр бар!
+1
bela77
2021-12-09 17:34:17
мен да барайынчы:) Италияга
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан