Чүй облусунун Сокулук районунда 32 жаштагы жаран киши өлтүрүүгө шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, ал досунун өлүмүнө шектелүүдө.
Белгилүү болгондой, 8-декабрда саат 13:30да Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жаңы-Жер айылындагы көчөлөрдүн биринде киши колдуу каза болгон жарандын сөөгү жатканы кабарланган.
"Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, маркум 30 жаштагы аталган айылдын тургуну экени аныкталды. Ал эми шектүү катары 32 жаштагы жаран кармалды. Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, алар мас абалда уруша кетишкен. Анда шектүү жарандык никедеги аялын досунан кызганып, аны сабап салган. Жабырлануучу эсине келбей каза болгон
Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайда, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда", - дешет мекемеден.