Айбек Жунушалиев: "Биз эч качан отчёт берүүдөн качпайбыз"

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына техникалык паспортторду тапшырды. Ошондой эле калаа башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын сындаганы боюнча дагы пикирин билдирди.

"Бишкек мэриясы эч качан отчёт берүүдөн качпайбыз. Жаңы мыйзамга ылайык, мэриянын структурасынын чечимдерин мэр өзү кабыл алат. Мурун 7 күн ичинде калаа башчысы шаардык кеңешке алып барып, анан кабыл алса, учурда мыйзамга ылайык шаар мэри өзү кабыл алат. Социалдык-экономикалык жана бюджеттик программаларды шаардык кеңеш карайт. Алар белгиленген тартипте каралат.

Мэриянын структуралык бөлүмүнүн толук жоопкерчилиги мэрде. Оперативдүү-чарба боюнча тапшырмалар берилсе, анан структуранын кызматкерлери жана вице-мэрлер бүтпөгөн сессияларда отурса. Биз сессияга мыйзамдын чегинде, тагыраагы кайсы бир план бекитилгенде катыша алабыз", - деди калаа башчысы.

Эске салсак, буга чейин шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттары мэриянын аппарат жетекчиси Миргазы Исаковдун жыйынга келбей койгонун сындап чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан