
19-декабрда саат 11:00дө Кыргыз Улуттук тарых музейинде саймачылардын үчүнчү жолку республикалык "Сайма чемпиондугу-2021" сынагы өтөт. Иш-чара "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурулууда.
"Сайманы кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу. Иш-чара бүгүнкү күндөгү салттуу маданиятыбызды жана кол өнөрчүлүгүбүздү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма саюуну жандандырууга өбөлгө түзөт. Сайма чемпиондугуна республиканын бардык аймактарынан керме сайма сайганды билгендер катыша алат", - дешет министрликтен.
Шарттары:
1. Катышуу баракчасын толтуруп, уюштуруучуларга 0708-32-62-64 номерине жиберүү керек;
2. Чемпиондукта сайылуучу сайманын багыты 18-декабрь саат 19:00дө катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан жөнөтүлөт. Ар бир катышуучу багыт алат, даярдык көргѳнгѳ убакыт болот;
3. Ар бир катышуучу белдемчисин кийип келүүсү шарт (дресс код);
4. Ар бир катышуучу керме сайма саюуга керектүү кергич, шибегени ѳзү менен ала келет;
5. Берилген убакыт аралыгында ар бир катышуучу кездемени кермеге керип, берилген темага жараша өзүнүн оюусун чийип, анан сайманы сайып чыгуу керек.
Баалоо:
1. Сайманын сапаты (сайманын сайылышы, жиптин аралыгынын жайгашышы);
2. Чыгармачылыгына (берилген теманын туура так жана ошондой эле өзүнүн чыгармачылыгын кошуп аткаруусу);
3. Убактысына (берилген убакыттын ичинде канчалык көлөмдө сайма сайгандыгы), тез арада тапшырманы сайып бүтүүсү эске алынбайт;
Чемпиондуктун алкагында:
1. "Саймачынын чебердиги" атайын иштелип чыккан эн белгиси бардык белдемчи курсун бүткөндөргө берилет;
2. Атайын белдемчилердин дефиле сынагы болот. Бул сынакка 2021-жылы өзү колго саймасын сайып, тиккен белдемчилери бар уздар катышат. Сынакка катышуучу уздар уюштуруучу топ менен байланышып каттоодон өтүүсү зарыл. Сынактын алкагында мыкты белдемчилерге белектер бар;
3. Биринчи жолу керме сайма менен сайылган буюмдардын көргөзмө сатыгы уюштурулат.