Элчи Пенсильванияда каза болгон Кыргыз жаранынын өлүмүн териштирүүнү тездетүүнү өтүндү
Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Тараптардын жолугушуусу 8-декабрда орун алганын АКШнын элчилигинен билдиришти.
"Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Ошондой эле элчи Бакыт Аманбаев президент Садыр Жапаровдун ушул жылы Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында көтөргөн демилгеси тууралуу маалымат берди. Америка тарапты Садыр Жапаровдун "2022-жылды дүйнө тоолорундагы көп жылдык мөңгүлөрдү коргоо жана сактоо жылы" деп жарыялоо демилгесин жакынкы күндөрү өтө турган БУУнун сессиясында колдоп берүүгө чакырды. Кыргыз Республикасынын президентинин жогорудагы демилгеси жакынкы күндөрү БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында каралат.
Ошондой эле кыргыз элчиси ушул жылдын 5-октябрында Пенсильвания штатында Кыргыз жараны Н.Мамыровдун өлүмүнө байланышкан кайгылуу окуянын териштирилүүсү тууралуу маалымат сурап, анын жыйынтыгын чыгарууну тездетип берүүнү өтүндү", - деп айтылат маалыматта.
Автор: Бактыгүл МомбековаФото: АКШнын Кыргыз жергесиндеги элчилиги