Биз социалдык тармакта

Төрөбай Зулпукаров камактан бошотулду

УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров камактан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 9-декабрындагы чечими менен З.Т.Зулпукаровго карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, ал сот залындагы камактан бошотулду", - деп билдиришти соттон.

Ушул жылдын, 31-май күнү Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакыртылган. Анда ал "Кумтөр" боюнча сурак бере турганы маалымдалып, сурактан соң камакка алынган болчу. 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кумтөр" иши боюнча Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, мөөнөтү узартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antiradikal10
2021-12-09 16:54:25
Мына сага "адилеттуу" бийлик.........
0
uli1234
2021-12-09 19:30:13
Камап кайра бошотуп жибергенин шоубу ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан