Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков камактан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 9-декабрындагы чечими менен А.Ш.Жээнбековго карата мурда колдонулган баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, ал сот залында камактан бошотулду", - деп билдиришти Биринчи Май райондук сотунан.
Эске салсак, депутат Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынган.