Чүйдүн Ысык-Ата районунда 15-ноябрь күнү жол кырсыгы болуп, 1 адам каза тапты. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кырсыкка кабылган Фольксваген автоунаасы күйүп кетти. Каза болгон жарандан тышкары бир адам жаракат алып, ооруканага жеткирилгени айтылды. Кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.