Талас ОИИБинин тергөөчүсү 300 миң сом пара алуу фактысына шектелип кармалды

Талас ОИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жүргүзүлгөн иштердин алкагында Талас ОИИБинин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү кармалган. Тергөөчү С.Б. аттуу жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталды. 2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен А.Д. аттуу кызматкер кармалды.

Кызматкер учурда УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-12-09 17:17:24
50миң алса 50млн.төктүрүп иштен айдап бошотуп койгула багып отура бербей.200 миң төлөдү деп бошобой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан