Өмүрбек Текебаевге кол салууда аты аталган Кайрат Чокеев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин мүчөсүнөн чыгарылды

Өмүрбек Текебаевге болгон кол салууда аты аталган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев президенттин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин күбөлүгүнүн сүрөтүн Чокеев Instagram баракчасына киргизген.

Ал эми коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат таратты.

"Кайрат Чокеевдин «Ата-Мекен» партиясынын лидерине кол салганы тууралуу массалык маалымат каражаттарында, ошондой эле социалдык тармактарда жарыяланган материалдарга таянып Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин статусуна туура келбеген аракеттери жана жоруктары үчүн Кайрат Чокеев кызматтык күбөлүгүн алып салуу менен Чүй облусу боюнча аймактык өкүлдөрдүн тизмесинен чыгарылды.

Буга чейин Кайрат Чокеев 2021-жылдын 21-октябрындагы №1 буйругу менен Чүй облусу, Чүй облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешине мүчө болуп кирген жана облустук өкүл болуп дайындалган. Учурда бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.

Көп өтпөй “Ата Мекен” партиясынын штабында Токмок шаардык кеңешинин депутаттары менен Өмүрбек Текебаевдин жолугушуусу болуп, Токмок шаарынын депутаттары аксакал менен чогуу келишип, Өмүрбек Текебаевден кечирим сурашкан. Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев эч кандай жаман ниети жок экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
emirchik
2021-12-09 18:01:22
Жакшыго менда текени уруп келсем окшойт
-4
Sajakat14
2021-12-09 20:33:07
emirchik,өзүңдүн атаңды ур! Кыргызда улуу кишини качан урчу эле?
+3
Akjol18
2021-12-10 10:30:06
Эмнеси жакшы,этеги жаман жеринен айрылса.
Ишенимди жоготуп,күбөлүктөн ажыраса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан