Эл көзүндөгү адамдар белгилүү болуп, атактуулукка жеткенге чейин кандай болгон же жылдыздар өнөр жолундагы карьерасын баштаганда кандай эле? Бул жолу шоу чөйрөнүн мырзаларын тизмектеп, алардын айрымдары өзгөрүлгөнүн байкадык.
Кыргыз Республикасынын Эл акыны, төбөсү көрүнгөн төкмө Аалы Туткучев
Чыгармачылыктан алыстап кеткен Алихан учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында эмгектенет
Ырчылыктан алып баруучулукка ыктаган Чыңгыз Мырзаев
Чуулгандуу долбоорунан кийин Маданияттын мыкты кызматкери наамынан ажыратылган ырчы Курал Чокоев
Дээрлик 23 жылдан бери шоу-бизнесте жүргөн ырчы Ильяз Абдыразаков
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын уулу кумир туткан ырчы Данияр Эрматов
Ырларында патриоттуулук темасы көп орун алган рэпер Добр
Бала кезден өнөр жолун тандаган Аваз Акимов
"Бир үй-бүлөгө бир ырчы жетет" деген сөздү жокко чыгарган "Кеңеш" тобунун түптөөчүсү Мүзүр Мамбетов
Көзгө көп урунбаган ырчылардын катарын толуктаган Ильяз Андаш
Алгач өз алдынча ырдап, кийин "Добулбас" тобунун солисти болгон Эдил Маматов
Өкмөткө көп эле сын айткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев
Биз бул тизмеге Орто Азияга таанымал, кыргыздардын арасында да көптөгөн күйөрман топтогон Казакстандын жылдызы Кайрат Нуртасты коштук