Токмокто көп кабаттуу үйдөн өз жанын кыюуга аракет кылган аялды милиция кызматкерлери сактап калышты (видео)

Чүйдүн Токмок шаарында көп кабаттуу үйдөн өз жанын кыюуга аракет кылган аялды милиция кызматкерлери сактап калышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-декабрда саат 17:30дар чамасында аял киши курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган.

Милицияга маалымат ошол жерден өтүп бара жаткандардан түшүп дароо окуя болгон жерге кызматкерлер жөнөтүлгөн. Сүйлөшүү иштеринин натыйжасында аял куткарылып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina00
2021-12-09 19:17:08
Жанын кыйган модага айландыбы башы жок аял экен,балдарын ойлобойбу.
-1
Fernando_Torres
2021-12-09 20:54:16
Харам деп койот өзү учун жооп берет барар жери тозок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан