Ош шаарында үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери башталды

Ош шаарында үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында мыйзамсыз курулган үйлөргө техникалык паспорттор даярдалып жатат. Президент Садыр Жапаровдун бул багыттагы тапшырмасын ишке ашыруу үчүн шаар мэриясы тийиштүү аракеттерин баштаган.
Аталган аймакта жалпы 146 гектар жерге өз алдынча жарандар тарабынан 800гө жакын мыйзамсыз үйлөр курулган. Учурда ар бир айылда мобилдик топтор түзүлүп, документтер даярдалууда.
Үйлөргө идентификациялык код, дарек берилип, мындан кийин тургундардын каттоого туруусуна жана турак-жайларын мыйзамдаштырууга жол ачылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан