Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү катардагы бош кызмат орундарына сынак жарыялайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Сынакка “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.
Тиешелүү документтер 2021-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынат.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Жалал-Абад ОИИБинин кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.
Байланыш телефондору: (03722) 7-02-81.