Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Вероника аман-эсен табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Вероника аттуу өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-декабрь күнү милицияга кыздын апасы кайрылып, 2006-жылы туулган кызы ошол күнү саат 12:30 чамасында мектептен чыккан боюнча кайра үйүнө кайрылып келбегенин айтып арызданган.

Милиция кызматкерлери издөө иштерин баштаган. Бүгүн, 9-декабрда саат 19:00 чамасында кыз Токтогул жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен аман-эсен табылган. Учурда ал апасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан