6-декабрдан 9-декабрга чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы болуп өттү. Олимпиаданын жыйынтыгында Бишкектеги №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш математика боюнча 40 баллдын ичинен 38 балл топтоп, коло медалды жеңип алды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматынан билдиришти.
Олимпиадага окуучуну математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:
1. Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы Т.Жумабаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Аймончок Абдигапарова;
2. Бишкек шаарынын №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш;
3. Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу Бектур Баратали.