SUPER.KG порталынын каарманы 16 жаштагы Амантур Амиракулов акырындан баса баштады. Бул тууралуу редакцияга өзү билдирди.
Учурда Амантур Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарылануусун улантып жаткан кези. Профессор Сабырбек Жумабеков ага операция жасап колдоо көрсөткөн. Учурда эки бутуна гипс салынып, Амантур акырындан баса баштады.
Буга чейин Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Боспиек айылынын тургуну 16 жаштагы Амантур Амиракуловдун тагдырын баяндап бергенбиз. Эки буту баспай, өмүрү майыптар арабасына байланган Амантурду жети айлыгында апасы таштап кетип, ошондон бери чоң энеси Санабар Ниязбекованын карамагында экендиги тууралуу видеоматериал чыккан.