Ош шаарында кичи автобустарга рейд жүргүзүлдү

Ош шаарында кичи автобустарга рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ош шаарында кичи автобустардын кечки саат 19:00дөн кийинки каттоосун көзөмөлгө алуу үчүн рейд жүрдү. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жана тийиштүү тармактардын жетекчилери биргеликте коомдук транспорттор токтоочу аялдамаларга барып, кичи автобустардын каттамын текшерүүгө алды. Анда интервалда белгиленген убакыт сакталып жатканына байкоо салынды.
Бүгүндөн башталган рейд бир ай бою улантылат. Анда кечкисин да линияга чыгуу талабына макул болгон ЖЧКларга көзөмөл жүрөт. Кечки 21:00гө чейин айдоочуларды камсыз кыла албаган ЖЧК менен түзүлгөн келишим бузулат.
Эскерте кетсек, Ош шаарында 1-декабрдан баштап кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлгөн болчу. Бирок шаардыктар тарабынан кечкисин айдоочулар жүргүнчү ташыбай жатат деген нааразычылыктар айтылып келген. Шаар мэриясы бул маселени чечүү аракетин көрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-12-10 08:26:08
Проездди жан талашып которуштубу эми оздорунун каттамдарын,интервалын,кечки канчага чейин жургонун текшерип,штрафты очойтуп салсанар онолот
+1
IOA
2021-12-10 23:08:41
Туура ошто кичи автобусдар эрте токтойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан