Бишкектин Ленин районунда коронавирус илдетине каршы эмдөө жүргүзө турган дагы эки мобилдик пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эмдөө пунктунун биринчиси "Ала-Арча" соода борборунда жайгашкан (Чыңгыз Айтматов проспектиси, 299в дареги, 2-кабат), саат 10:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Экинчиси "Кенч" соода борборунда ("Ош базары" соода комплекси, 3-кабат) ачылган. Иш убактысы саат 10:00дөн 17:00гө чейин.
Ленин районундагы башка эмдөөчү жайлар төмөнкү даректерде жайгашкан:
Ошондой эле мэрия эмдөөдөн өтүүнү каалаган жарандарды жанына өздүгүн тактаган документин ала барууну эскертет.