Бишкек шаарында ишемби жана жекшемби күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке саат 9:00дө башталып, 16:00гө чейин уланат. Айыл чарба азыктары дүң баада сатылат.
Маалыматка ылайык, жарманке Бишкек шаарынын эки районунда өтөт:
  • Октябрь районунун тургундары үчүн жарманке №12 кичи району, А.Токомбаев менен Н.Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишинде ачылат;
  • Биринчи Май районунда жарманке Раззаков көчөсү менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.

    Жарманкеде азык-түлүккө коюлган баалар:

    - ундун килограммы үчүн (1-сорт) 29 сомдон;
    - күн карама майы 135сомдон;
    - эт (уй эти) 420-450 сомдон;
    - картошка 34 сомдон;
    - сабиз 20 сомдон;
    - пияз 15 сомдон;
    - алма 20 сомдон;
    - тооктун жумурткасы 10 даана 80 сомдон.