Өткөн айда 4 миңге чукул жаран пенсияга чыкты

Өлкөдө ноябрь айында 3967 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Соцфонддун маалыматына ылайык, январь-ноябрь айларында 60 445 жаран пенсияга чыкты.

"Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1407 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү 6 миң 248 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан